АКИpress - Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлерине карата текшерүү баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 9-апрелинде милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. уулу Э. аттуу адамга карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Анкара көчөсүндө болгон. Шектүү жаран ишенимге кирип, баасы 65 миң сомдук «MacBook Air M2» үлгүсүндөгү ноутбукту алып кеткен. Ал акчасын үч сааттын ичинде берем деп, ошол бойдон из жашырган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага айып тагылып, бөгөт коюу чарасы катары электрондук көзөмөл тандалган.
Ошол эле учурда, кармалган жаран милиция кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган. Учурда бул боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат.
ИИМдин Тергөө кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы менен бардык катышуучулардын аракеттерине укуктук баа бериле турганын кошумчалады.