13:47, 17-апрель, 2026

Иран байытылган уранды АКШга өткөрүп берүүгө макул болду, - Трамп

На русском
11:16, 17-апрель, 2026 405

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Иран соккулардын натыйжасында ядролук объектилердин астында калган ядролук чаңды өткөрүп берүүгө макул болгонун билдирди. Жер астында калган байытылган уран тууралуу кеп болуп жатканын «The Washington Post» маалымат каражаты жазды.

«Иранда ядролук курал жок жана алар муну моюнга алышты. Алар жер астында терең жайгашкан ядролук чаңды кайтарып берүүгө макул болушту. Иран менен көп келишимдер бар жана абдан позитивдүү, абдан маанилүү бир нерсе болушу керек деп ойлом», - деди америкалык президент журналисттерге.

Радиоактивдүү материалдарды чыгаруу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалган маселелердин бири болгондугун «The Washington Post» белгилейт. Бир нече дипломатиялык байланыштардан, анын ичинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Пакистанда ирандык расмий адамдар менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин компромисске жетишилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»