14:02, 17-апрель, 2026

Кылмышка шектүүнүн арызынан кийин 2 милиционер кармалды

На русском
12:03, 17-апрель, 2026 627

АКИpress - Милиция кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иликтөө кызматына 26 жаштагы жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу белгилери аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан билдиришкендей, арыз ээси алдамчылык иши боюнча кармалган болчу.

Учурда тергөө уланууда.

Интернетке жарыяланган видео:

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»