АКИpress - УКМК жасалма документтер менен жүргөн чет элдик жаранды кармады.
Тактап айтканда кармалган адам Кыргыз Республикасынын жасалма паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланган.
Азыркы учурда билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран тарабынан жасалган болушу мүмкүн башка кылмыштарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.