АКИpress - Бүгүн, 17-апрелде футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 7-туру эки оюн менен башталат.
Жогорку лиганын беттештери Манас жана Кара-Балта шаарларындагы стадиондордо өтөт. Учурда турнирдик таблицада 16 упай менен Манас шаарынын «Мурас Юнайтед» командасы лидерлик кылууда.
17-апрелге карата беттештер:
20:00 «Нефтчи» (Кочкор-Ата) — «Азия» (Талас), «Курманбек» стадиону (Манас);
20:00 «Кыргыз алтын» (Кара-Балта) — «Алга» (Бишкек), «Манас» стадиону (Кара-Балта).