13:47, 17-апрель, 2026

АКШ Сириядагы аскерлерин толугу менен чыгарып кетти

На русском
11:07, 17-апрель, 2026 338

АКИpress - Сириядагы АКШ аскерлери толугу менен чыгарылды. Бул тууралуу Сириянын Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде X социалдык тармагында билдирди.

Тактап айтканда мурда америкалык аскерлер жайгашкан объекттерди өкмөткө өткөрүп берүү аяктады.

Дамаск америкалык аскерлердин келишине себеп болгон алгачкы жагдай, тактап айтканда "Ислам мамлекетинин" өсүшүнө каршы туруу жагдайлары өзгөргөндүгүнүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Сирия террорго каршы күрөшүүгө жөндөмдүү», - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) өкүлү Тим Хокинс бул маалыматты тастыктады.

«Америкалык аскерлер Сириядагы базаларды өткөрүп берүүнү аякташты.

Ошол эле учурда америкалык аскер кызматкерлери "Ислам мамлекетин" биротоло жеңүү жана аймактагы коопсуздукту бекемдөө үчүн террорго каршы операцияларды колдоону улантышат», - », - деди капитан Хокинс.

«AFP» агенттигинин кабарчысы Сириянын түндүк-чыгышындагы «Касрак» аскердик базасынан Иракка бара жаткан жаткан америкалык автоколоннаны байкаган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»