АКИpress - Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыгына байланыштуу 4 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
№13, №35, №45 жана №23 автобустар убактылуу башка көчөлөр менен каттайт.
Учурда бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.