12:03, 20-апрель, 2026

Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты

На русском
09:20, 20-апрель, 2026 368

АКИpress - Иран 18-апрелден тарта Ормуз кысыгын жаап, ал АКШ деңиз блокадасын толук алганга чейин жабык бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү маалымдады.

Иран бул чечимди АКШ эки жумалык элдешүүнүн шарттарын бузуп, ирандык кемелер менен портторго каршы блокаданы токтотпогону менен түшүндүрдү. Ирандык аскерлер кемелерди жана алардын ээлерин расмий маалыматтарды гана көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошондой эле Перс жана Оман булуңдарындагы кемелерге токтоп турган жеринен чыкпоону эскертип, Ормуз кысыгына жакындаган кемелер душман менен кызматташкан катары бааланарын билдиришти.

Буга чейин, 17-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи элдешүү маалында кысык соода кемелери үчүн ачык болорун айткан. Ошол эле күнү Дональд Трамп АКШнын деңиз блокадасы Иран менен келишим түзүлмөйүнчө күчүндө кала турганын билдирген. Ал эми 18-апрелде Иран АКШны Ормуз кысыгы аркылуу шантаж кыла албай турганын айткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»