12:48, 20-апрель, 2026

Бишкекте айдоочу кайгуулчуну сүзүп, бутун сындырды

На русском
09:49, 20-апрель, 2026 536

АКИpress - Бишкекте «Daewoo Nexia» унаасынын айдоочусу милициянын токтоо талабына баш ийбей, качууга аракет кылып жатып, кайгуулчуну сүздү. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 19-апрелде таңкы саат 05:30 чамасында болгон. Кайгуулчулар унааны токтотууга аракет кылышканда, айдоочу токтобой, качып бара жатып милиция кызматкерин сүзгөн.

«Кырсыктын кесепетинен кайгуулчунун буту сынып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Жыйынтыгында айдоочу кармалды». - деп жазылган маалыматта.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»