АКИpress - Биринчи май райондук соту 17-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Р.И.Р. аттуу ишкердин бөгөт чарасын өзгөрттү. Муну «АКИpress» редакциясына 20-апрелде райондук соттун басма сөз кызматынан ырасташты.
Аны өлкө аймагынан чыкпоо тил каты менен бошотушту.
Р.И.Р. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы тергөөдө. 15-апрелде аны1-абакка киргизишкен.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Р.И.Р. «С.Э.К.» ЖЧКсынын жетекчиси болуп саналат, ишкана адистешпеген дүң соода менен алектенет.