12:50, 20-апрель, 2026

АКШ Ирандын жүк ташуучу кемесин кармап, Тегеран буга жооп кайтарды

На русском
10:09, 20-апрель, 2026 371

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Оман булуңунда Ирандын «Touska» аттуу жүк ташыган кемесин кармаганын билдирди.

Анын айтымында, кеме деңиз блокадасын бузуп өтүүгө аракет кылган, бирок америкалык кеме аны токтоткон. Трамптын билдиришинче, азыр кеме АКШнын көзөмөлүндө, анын жүгү текшерилип жатат.

Иран тарап болсо АКШнын бул аракетин элдешүүнү бузуу жана деңиздеги каракчылык деп атап, америкалык аскердик кемелерге дрондор менен сокку урулганын билдирди.

Мындан улам ушул жумада Пакистанда өтө турган АКШ менен Ирандын жаңы сүйлөшүүлөрү болобу же жокпу азырынча белгисиз бойдон калууда. Трамп америкалык өкүлдөр Исламабадга бара жатканын маалымдап, эгер тараптар макулдашууга келбесе, Иранга каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Буга чейин Иран Ормуз кысыгын соода кемелери үчүн ачып, бирок эртеси кайра жаап салган. Тегеран АКШ Ирандын портторун блокададан чыгармайынча кысык жабык бойдон каларын билдирген. Согуш башталганга чейин Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен бештен бир бөлүгү өтүп турган. АКШ менен Ирандын Исламабаддагы алгачкы сүйлөшүүлөрү 11–12-апрелде өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»