12:49, 20-апрель, 2026

Кыргызстандын дзюдочулары Азия чемпионатында коло жеңди

На русском
10:31, 20-апрель, 2026 212

АКИpress - Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.

Турнир Ордос шаарында өттү.

Командалык мелдешке 10 курама команда катышты. Ар бир команда алты спортчудан турду — 3 эркек (73 кг чейин, 90 кг чейин жана 90 кг жогору) жана 3 айым (57 кг чейин, 70 кг чейин жана 70 кг жогору).

Кыргызстан курама командасында 70 кг жогору салмакта кыз спортчу болгон эмес, ошондуктан команда ар бир беттешти 0:1 эсеби менен баштаган.

1/4 финалда Кыргызстан курама командасы Тажикстандын командасын 4:2 эсебинде утту, бирок жарым финалда Моңголия курама командасына 0:4 эсебинде утулду.

Жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында кыргызстандыктар Индия курама командасын 4:2 эсебинде жеңип, 3-орун үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Коло байге үчүн беттеште Кыргызстан курама командасы Бириккен Араб Эмирликтеринин командасы менен беттешти. Алты беттештен кийин эсеп 3:3 болду.  Бул учурда чечүүчү беттештин катышуучусун аныктоо үчүн чүчү кулак тартылат. Жетинчи беттешке Алина Молдокулова чыгып, кайрадан жеңишке жетти.

Муну менен кыргызстандыктар коло медалга ээ болушту. Бул кыргызстандык дзюдочулар үчүн Азия чемпионатынын командалык турнириндеги алгачкы медаль болуп саналат.

Өткөн жылы дзюдочулар Сауд Арабияда өткөн Ислам оюндарынын командалык мелдешинде да коло байге утушкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»