АКИpress - Түштүк Индиянын Тамилнад штатындагы пиротехника өндүргөн заводдо болгон жарылуудан 23 киши каза болду, деп билдирди «Asian News» International.
13 адам түрдүү жаракаттарды алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алардын арасында 6 полиция кызматкери, ошондой эле бир өрт өчүрүүчү бар. Алар куткаруу учурунда кайталанган жардыруудан жабыркашкан.
Кырсык жумушчулар заводдун ичинде күйүүчү химиялык заттарды ташып жатканда болгон. Жардыруу болгон учурда 5 бөлмөдө 50гө жакын жумушчу болгон. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жарылуудан улам объект толугу менен талкаланган. Кылмыш иши козголуп, кырсыктын себеби аныкталууда. Куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды издөөнү улантышууда.