АКИpress - 5 жаштагы кызды сүзүп өлтүрүүгө шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
14-апрелде кечки саат 19:00 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран «Hyundai Robex 140W» экскаватору менен Колесников көчөсүндө түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жол жээгинде турган Сосновка айылынын тургуну, 2021-жылы туулган А.С. аттуу кичинекей кызды сүзүп кеткени аныкталган.
Кыз алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.