13:16, 21-апрель, 2026

Интернетке жарыяланган медиктердин айлыгы боюнча билдирүүгө түшүндүрмө берилди

На русском
11:38, 21-апрель, 2026 726

АКИpress - Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.

Социалдык тармактарда эмгек акылар көрсөтүлгөн кагаз тараган.

Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын жетекчиси Клара Өскөмбаева билдиргендей, дүмүрчөктө медицина кызматкерлерине март айы үчүн төлөнгөн акча көрсөтүлгөн.

«Президенттин жарлыгына ылайык, айлык акынын жогорулашы 1-апрелден баштап каралган. Учурда саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык кызматкерлери жаңы маалыматтарды алышты жана апрель айында эмгек акы жаңы система боюнча эсептелет.

Ошол эле учурда, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кагазда жарым ставкада (0,5) иштеген же толук эмес жумуш күн иштеген дарыгердин эмгек акысы көрсөтүлгөн», - деди ал.

Өскөмбаева билдиргендей, учурда жарым ставкада (күнүнө болжол менен 3 саат) иштеген дарыгердин айлыгы 8448 сомду түзөт.

«Апрелде жогорулатуудан кийин жарым ставкадагы дарыгердин маянасы 13 миң 500 сомду түзөт, ага кошумча 7500 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм берилет», - деди ал.

Эмгек акынын жалпы суммасы 21 миң сомду түзөт.

«Бул президент тарабынан жарыяланган эмгек акыны 100% жогорулатууга туура келет», - деп кошумчалады Өскөмбаева.

Саламаттык сактоо министрлиги толук ставкада иштеген дарыгерлердин айлык акысын эсептеп берди:

  • 1 ставка (10 жылдык стаж, II квалификациялык категория):
    • Базалык маяна: 27 104 сом
    • Стаж үчүн үстөк акы (10%): 2710 сом
    • Квалификациялык категория үчүн кошумча төлөм: 2000 сом
    • Эсептелген жалпы эмгек акы: 31 814 сом
    • Кошумча президенттик компенсация төлөнөт: 15 000 сом
    • Жалпы эсептелген сумма: 46 814 сом
    • Колго алат: 39 260 сомго чейин.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»