АКИpress - ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана ыкчам кызматкери чет элдик банк эсептери аркылуу пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«2026-жылдын 17-апрелинде П.М. аттуу бөлүм башчы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкер кармалды. Алар Россия Федерациясынын жаранынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш иште жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң доллар) талап кылышкан.
Кармалгандар далил калтырбоо максатында аралыктан пара алуу схемасын иштеп чыгышкан. Акча талап кылынган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып, акчаны Россия Федерациясынан атайын адамдардын атына катталган «Сбербанк» карталарына бөлүп-бөлүп которуп турушкан.
Андан кийин акчаны накталай алуу жана Кыргыз Республикасында мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар тартылган.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - дейт атайын кызмат.