АКИpress - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 21-апрелдеги жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына сунушталган Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган, депутаттарга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
20-апрелде Маматкановдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция жана саламаттык сактоо комитети, ошондой эле Илим, билим берүү, маданият жана спорт боюнча комитети карап, жактырган болчу.
Улан Маматканов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган Эдил Байсаловдун ордуна келет жана өкмөттө социалдык блокту жетектейт.