13:35, 21-апрель, 2026

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште үч медалга ээ болушту

На русском
11:28, 21-апрель, 2026 111

АКИpress - Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште үч медалга ээ болушту.

17-19-апрель аралыгында Анталья шаарында 20 жашка чейинки спортчулардын арасында «Champions» турнири өттү.

70 кг салмак категориясында Адил Табылдиев финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болду.

Нуртилек Замирбеков (57 кг) жана Иса Исаков (65 кг) коло байге алышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»