АКИpress - Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи АКШнын Ирандын соода кемелерине кол салуусу, ошондой эле ок атышууну токтотуу режимин бузуусу — сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып жатканын билдирди. Мындай пикирин ал пакистандык кесиптеши Исхак Дар менен болгон маегинде айтты.
Дипломат андан ары эмне кылуу керектиги боюнча чечим кабыл алына электигин баса белгиледи.
«CNN» телеканалынын маалыматына ылайык, АКШ жана Иран делегацияларынын экинчи раундундагы сүйлөшүүлөр 21-апрелде Исламабадда өтүшү керек. АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык делегация Пакистанга жөнөп кеткенин тастыктады. Ошол эле учурда Иран сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартууда.
АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу 11-апрелде дал ушул мамлекетте өткөн. Дональд Трамптын баамында, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган, тараптар Ирандын ядердик программасы жана Ормуз кысыгында кемелердин жүрүү эрежелери боюнча макулдаша алышкан эмес. Эки күндөн кийин АКШ бул деңиз коридорунун аймагындагы ирандык портторду блокадага алганын жарыялады. 17-апрелде Иран Ормуз кысыгын ачканын билдирип, бирок кийинки күнү кайра жапты.