12:26, 21-апрель, 2026

Бишкекте соодагерлер муниципалдык инспекторлорду сөгүп, аларга нан ыргытты

На русском
08:26, 21-апрель, 2026 696

АКИpress - 18-апрелде Бишкек шаарында башаламан соода жүргүзүү фактыларын токтотууга багытталган рейддик иш-чара өттү.

Муниципалдык инспекциядан билдиришкендей, «Ош» базарында инспекторлор белгиленген эрежелерди бузуу менен соода жүргүзүү фактыларын аныкташты. Аларга карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 386-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлдү.

Андан ары рейддик иш-чаралар Туңгуч кичи районунда, жашоочулардан даттануулар көп түшкөн «Глобус» дүкөнүнүн жанында уланды. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз соода жүргүзгөн адамдарга карата тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Ушундай эле мыйзам бузуулар аталган дүкөндүн Көк-Жар конушундагы филиалынын аймагында да аныкталды.

«Эки жаран кызматкерлердин мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылып, агрессивдүү мамиле жасап, одоно сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти бузду. Ушуга байланыштуу алардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына арыз берилди», - деп билдиришти Муниципалдык инспекциядан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»