12:26, 21-апрель, 2026

Байтиктеги лицейде эркек киши сабалды

На русском
08:20, 21-апрель, 2026 444

АКИpress - Ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кылмыш 28-мартта Байтик айылында болгон. Кечки саат сегиздер чамасында лицейдин имаратында 72 жаштагы киши сабалган. 30-мартта ал милицияга кайрылып, аны таанышы мас абалда сабагандыгын билдирген.

Бул факт боюнча алдын ала текшерүү башталып, анын алкагында экспертизалар дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адамдын саламаттыгына оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1984-жылы туулган Б.А. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»