15:43, 14-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (152 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
15:17, 14-апрель, 2026 (41 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди
15:33, 14-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Акбалык Жумалиева БШК башчысынын орун басары болду

Алтын кендеринин кирешесине айыл өкмөт, аким, губернаторлордун тиешеси жок, - президент

09:54, 14-апрель, 2026 308

АКИpress - Кабак айылынын тургундарына жана районго алтын заводдон пайда түшпөйт, деди Чоң-Алай районунун тургуну кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда.

Садыр Жапаров тургундун пикири менен макул эместигин билдирди.

«2021-2022-жылдан баштап бардык алтын, көмүр, баалуу металл казган кендерди өкмөт көзөмөлгө алган. Алар руданы алып чыгат, иштетет анан кайра келип отчетун берип, салыгын төлөйт. Мисалы рудада 6 грамм алтын болсо, лабораторияга тыйын берип, 2-3 грамм деп айттыртып чыгып кетип жүрүшкөн.

Азыр андай эмес, азыр өкмөттүк лаборатория иштетй. 3 болсо 3, 8 болсо 8 деп отчет берилет. Ошондон салык түшөт, ал салык республикалык бюджетке түшөт. Суу, мектеп, жол деп жатасыздар. Мына ошолордун баары ушул акчаларга жасалат. Жергиликтүү айыл өкмөт, аким, губернаторлордун ага тиешеси жок. Ал жерде республикалык деңгээлдеги көзөмөл бар», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»