19:33, 14-апрель, 2026

Акбалык Жумалиева БШК башчысынын орун басары болду

На русском
15:33, 14-апрель, 2026 437

АКИpress - Бахадыр Коңуров Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын (БШК) төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Бул чечим 14-апрелде анын башка кызматка которулушуна байланыштуу кабыл алынган. Ал «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болду. Ошол эле учурда Коңуров БШК мүчөсү бойдон калат.

Анын ордуна БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева дайындалды. Аны төраганын орун басары кылып дайындоо жөнүндөгү чечимди комиссиянын бардык мүчөлөрү колдоду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»