19:25, 14-апрель, 2026

Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди

На русском
15:17, 14-апрель, 2026 1521

АКИpress - 14-апрелде Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы №19 округдагы бош калган Жогорку Кеңештин депутаты мандатын Сариев Улан Алмасбековичке берди.

Улан Сариев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Абдылдабек Эгембердиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Кийинки кезекте Рамис Жунусалиев турган. Бирок ал 2025-жылы декабрда УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалганы белгилүү болгон. Өзү да 10-апрелде мандаттан баш тарткан.

№19 округ: Сокулук районунун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күн-Туу айыл аймактары; Бишкек шаарынын бир бөлүгү: 106-МАБ, Ак-Өргө, Ак-Ордо, 103-МАБ, Ленин району.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»