АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.
Борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган.
Садыр Жапаров үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына жер тилкесинин жалпы аянты 0,45 гектарды түзөрүн маалымдады.
Андан соң президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айтты.