АКИpress - Түркиянын Шанлыурфа провинциясындагы лицейде куралдуу кол салуу болду. Бул окуя Ахмет Коюнжу атындагы кесиптик-техникалык лицейде болгонун «Sabah» басылмасы жазды.
ЖМКлардын маалыматына караганда, окуучу мектептин имаратына мылтык менен кирип, ок чыгарган. «Hurriyet» басылмасы провинциянын губернаторуна шилтеме берүү менен билдиргендей, кол салган адам – 2007-жылы туулган мурдагы окуучу. Ал өз жанын кыйган.
Кол салуунун натыйжасында 18 адам жабыркады, алардын ичинен 12 окуучу, 2 мугалим жана 2 карапайым жаран бар. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.