09:38, 27-март, 2026
Учурда окулуп жатат
01:46, 27-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Рафаил Татиков муфтийдин орун басары болду
15:52, 25-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Некролог — Сүйүтбек Чоюбеков
08:31, 27-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

АКШ Украинадан Донбасстагы аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууда, - Зеленский

На русском
11:47, 26-март, 2026 900

АКИpress - Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ коопсуздук кепилдиктеринин ордуна Донбасстан аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылып жатканын билдирди.

«Reuters» агенттигине берген маегинде ал Вашингтон коопсуздук кепилдиктерин Украина армиясын чыгарып кетүүгө даяр болгондон кийин жогорку деңгээлде макулдашууга даяр экенин белгиледи. Зеленский мындай кадам Украинанын жана Европанын коопсуздугуна коркунуч жаратарын, анткени бул Россияга күчтүү коргонуу позицияларын берүүгө алып келерин эскертти.

Украина президентинин пикиринде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал АКШ президенти Дональд Трампка жана анын кийинки кадамдарына таасирин тийгизип жатат.

«Тилекке каршы, менин оюмча, президент Трамп дагы эле Украинага басым көрсөтүү стратегиясын тандап жатат», - деди ал.

Зеленскийдин айтымында, аскерлердин чыгарылышын талап кылган Россия Вашингтондун сүйлөшүүлөргө болгон кызыгуусу жоголуп, акырында алар сүйлөшүүдөн чыгып кетишине үмүт артууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»