03:05, 27-март, 2026

Рафаил Татиков муфтийдин орун басары болду

01:46, 27-март, 2026 176

АКИpress -  Рафаил Татиков Кыргызстандын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.

Татиков Рафаил Шамильевич 1983-жылы 10-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын жараны, улуту боюнча — кыргыз.

Билими жогору. 2001–2006-жылдары Бишкектеги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алган.

Кийинки жылдары Пакистандын Карачи шаарындагы «Жамиятул-Улумул-Исламия» университетинде диний билим алуусун уланткан, ал жерде хадистерди окуу жана ислам укугу (фикх жана ифта) боюнча бир нече адистештирилген программаларды өздөштүргөн.

2020–2022-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Теология» багыты боюнча аяктаган.

2023-жылдан бери аталган университетте докторантурада (PhD) окуйт. Азыркы учурда магистр даражасына ээ.

Эмгек жолун 2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва жана диний адабият бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. Ар кандай жылдары аталган бөлүмдүн башчысы жана адиси болуп кызмат өтөгөн.

Ошондой эле Рафаил Татиков окутуучулук ишмердүүлүк менен активдүү алектенет: 2017-жылдан бери «Көлмө» жогорку диний окуу жайынын окутуучусу, ал эми 2019-жылдан бери Бишкектеги «Кутайба бин Муслим» институтунун окутуучусу жана ректору болуп эмгектенет.

2023-жылдан бери «ЭкоИсламикБанк» ЖАКынын көз карандысыз шариат кеңешинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык сотунда шариат маселелери боюнча арбитр болуп саналат.

Кыргыз, орус, араб, урду жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт, ошондой эле фарс тилинде окуй алат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»