АКИpress - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Кыргыз почтасында" мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз почтасынын" Сокулуктагы филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызмат абалын пайдаланып, акча каражаттарын жеке банктык эсебине мыйзамсыз которуп турган", - деп айтылат билдирүүдө.
Келтирилген жалпы зыяндын суммасы 15 миллион сомду түзгөнү аныкталды.
"Каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максатта, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган", - деп билдирди УКМК.