22:13, 26-март, 2026

Бишкекте мотоциклчен жигит өспүрүмдү сүзүп алды

На русском
20:27, 26-март, 2026 274

АКИpress - Бишкекте «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-мартта болжол менен саат 20:30да, 2001-жылы туулган Н.И.А. аттуу мотоцикл айдоочусу Шабдан баатыр көчөсү, 41Б дарегинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында «Yamaha» үлгүсүндөгү мотоцикли менен бара жатып, 2007-жылы туулган С.Д.В. аттуу жөө адамды сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен өспүрүм мээси чайкалган абалда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин аракеттерине карабай, ал реанимацияда каза болгон.

Мотоцикл айдоочусу да оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын омурткасы сынып, жүлүнү жабыркап, параплегия (буту-колунун шал болушу) диагнозу коюлган.

Бул факт катталып, транспорт каражаты атайын айып короого токтотулуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»