09:38, 27-март, 2026
Учурда окулуп жатат
01:46, 27-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Рафаил Татиков муфтийдин орун басары болду
15:52, 25-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Некролог — Сүйүтбек Чоюбеков
08:31, 27-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Кара-Балтада 72 жаштагы тургунду сабап, акчасын алган адам кармалды

На русском
10:04, 26-март, 2026 389

АКИpress - Каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

20-февралда Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 72 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнкү саат бирлер чамасында белгисиз бирөө терезени талкалап, үйүнө кирип келген. Ал пенсионерди сабап, коркутуу жолу менен акчасын тартып алган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча каттоого алынып,  шектүү катары 1994-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»