09:38, 27-март, 2026
Учурда окулуп жатат
01:46, 27-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Рафаил Татиков муфтийдин орун басары болду
15:52, 25-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Некролог — Сүйүтбек Чоюбеков
08:31, 27-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Кыргызстандык үч мушкер дүйнөлүк рейтингге кирди

На русском
08:59, 26-март, 2026 601

АКИpress - «World Boxing» уюмунун маалыматы боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингке Кыргызстандан 3 спортчу кирди.

Рейтинг март айында жарыяланган.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмак категориясында 3-орунда, анын эсебинде 975 упай бар, бул упайлар Париж Олимпиадасында 2-орунду алганы үчүн берилген.

Ихтияр Нишонов (70 кг чейинки) 8-орунда, Нурадин Рустамбек уулу (75 кг чейинки) — 13-орунда.

Жаңы рейтингде «World Boxing Challenge», дүйнөлүк кубок, дүйнөлүк кубоктун финалдары, дүйнө чемпионаттары жана Олимп оюндарына катышуусунан алынган упайлар эске алынды.

«World Boxing» рейтинги дүйнөлүк чемпионаттар, континенталдык чемпионаттар, мультиспорттук оюндар, дүйнөлүк кубоктун финалдары жана башка ири мелдештерге катышуучуларды аныктоо үчүн колдонулат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»