09:38, 27-март, 2026
Учурда окулуп жатат
01:46, 27-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Рафаил Татиков муфтийдин орун басары болду
15:52, 25-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Некролог — Сүйүтбек Чоюбеков
08:31, 27-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Кыргызстандын футболчулары Экватордук Гвинеяга утулду

На русском
08:46, 26-март, 2026 297

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Экватордук Гвинеянын курама командасына утулду.

Жолдоштук беттеш 25-мартта Түркиянын Анталья шаарында өттү.

Биринчи таймда кыргызстандыктар чабуулда активдүү ойноду, бирок мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок. 

38-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Саид Дациев айып аянтчада атаандашты жыгып салды. Калыс пенальти дайындап, эсеп 1:0 болду.

Экинчи таймда гол кирген жок жана беттеш 1:0 эсебинде африкалык команданын жеңиши менен аяктады.

28-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар курама командасы менен беттешет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»