03:53, 14-март, 2026

УКМК кызматкерлери мурдагы судья, учурдагы жактоочуну кармашты

На русском
10:40, 13-март, 2026 3575

АКИpress - Акча талап кылуу фактысы боюнча жактоочу кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда мурда судья болуп иштеген А.К.А. камакка алынды.

«Ал өзүнүн кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылган.

Алсак, А.К.А. баштапкы этапта жабырлануучу тараптан 25 миң доллар алган. Андан кийин 7 миң доллар талап кылган. Бул талап четке кагылганда соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына өзгөртүп коюу менен коркуткан.

Жактоочу талап кылынган сумманын 437 500 сомун (5000 доллардай) алып жаткан учурда кармалды. Ал соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алынды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»