15:40, 13-март, 2026

Президент өз фондунан ар бир дарыгер менен медайымга ай сайын 15 миң сомдон бөлөт, - министрлик

На русском
11:29, 13-март, 2026 974

АКИpress - 1-апрелден баштап Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100%га жогорулайт. Мындан тышкары, президент өз фондунан ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон бөлөт, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында.

Анын айтымына караганда, ушундай жол менен медицина кызматкерлеринин айлык акысына байланышкан маселе чечилет.

Мамадалиев ошондой эле аймактарда дарыгердин депозиттик суммасы бир кварталга 66 миң сомду түзөрүн белгиледи. 2024-жылга чейин кварталына сумма 43 миң 33 сомду түзгөн.

Анын айтымында, учурда депозиттик акчаны 500гө жакын адис алат, бирок алардын санын 7 миң адамга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул аймактарга медициналык кадрларды тартууга түрткү болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»