АКИpress - 13-мартта Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалиевичтин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Зулушев №10 шайлоо округу боюнча 14 миң 688 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болчу.
Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:
Элдар Сулайманов
Нурланбек Тургунбек уулу
Кундузбек Сулайманов
Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалган
Кубанычбек Конгантиев
№10 шайлоо округу боюнча маалыматтар: