21:18, 13-март, 2026

Курманкул Зулушев депутаттык мандатын тапшырууда

На русском
18:01, 13-март, 2026 2748

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча арызы келип түштү.

Бүгүн, 13-мартта БШК анын арызын карайт.

Зулушев №10 округдан 14 миң 688 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү жана Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы.

Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:

  • Элдар Сулайманов
  • Нурланбек Тургунбек уулу
  • Кундузбек Сулайманов
  • Жанар Акаев - Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
  • Кубанычбек Конгантиев

Шайлоодо алган добуштардын саны боюнча бош кала турган мандат көп добуш топтогон кийинки талапкер Улукбек Ормоновго берилиши мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»