15:53, 12-март, 2026

10 жылда чогулган 2 млн сом жарым саатта жоголгон. Окуянын чоо-жайы

На русском
12:29, 11-март, 2026 6802

АКИpress - Интернет аркылуу алдоо схемасынын башкы уюштуруучусу кармалды, деп билдирди 11-мартта «АКИpress» редакциясына Ички иштер министрлигинин  кызматкери Айдана Каныбекова.

Ал 10 жылда чогулган 2 млн сом жоголгон кылмыштын айрым чоо-жайын айтып берди. 

2025-жылдын октябрь айында 40 жаштагы Аскар (аты өзгөртүлдү) кылмыш жасоого даярдык көрө баштаган. Өзүнүн IP дарегин жана банктык эсебин колдонбоо үчүн Telegram аркылуу 18 жаштагы студент Артурду (аты өзгөртүлдү) тапкан. Аскар Артурга криптовалютадан акча табууну үйрөтүүнү убада кылган жана тапшырмаларды берген. Тактап айтканда банк картасын веб-сайтка туташтырууну тапшырган. Бул үчүн Артурга 15 миң сом төлөп берген.

Артур кылмыштуу схемага жаңы адамдарды тарта баштаган. Ал досторуна жеңил акча табууну сунуштаган: банк картаны 10 күнгө берсең, акча аласың, анан аны бөгөттөп саласың, андан кийин эч кандай көйгөй болбойт. Артур беш жигитти жана Айжанды (аты өзгөртүлдү) камтыган топ түзгөн (дропперлер).

2026-жылдын январь айында Артур Аскарга алты банк картасын жана крипто-капчыктын сыр сөздөрүн өткөрүп берген. Аскар шилтеме аркылуу дропперлердин телефондоруна аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн алган. 

Аскар 5-февралда WhatsApp аркылуу борбор калаанын тургунуна чалып, ага сим-картасынын жарактуулук мөөнөтү бүтүп жатканын кабарлаган. Аскар аны шашылыш түрдө узартууну талап кылып, 4 сандуу SMS-код жөнөткөн. Жабырлануучу ал кодду айтып берген.

Каныбекова белгилегендей, бул банк тиркемесинин сыр сөзүн алып салуучу код болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санаган эмес, ошол эле замат ага экинчи чалуу келген.

«Бул коопсуздук кызматы. Биз шектүү аракеттерди көрүп жатабыз. Азыр транзакцияны бөгөттөө үчүн код келет. Сураныч, аны айтып бериңиз», - деген чалган киши.

Бишкектик төрт сандуу кодду айткан. Бирок бул анын бардык аманаттарын которуу үчүн ырастоочу код болчу. Бардык процесс 30 мүнөткө созулган. Жабырлануучу банктан депозиттик эсеби жабылганы тууралуу SMS билдирүү алгандан кийин гана алданганын билип, милицияга кайрылган.

Келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 999 миң 6 сомду түздү.

Шектүү катары 2005-жылы туулган М.С.М., 2008-жылы туулган С.А.Ж., 2006-жылы туулган Б.А.И., 2006-жылы туулган Т.У.Б. жана 2007-жылы туулган О.С.А. аттуу дропперлер кармалышты.

Алар сурак учурунда акчага муктаж болушкандыктан өздөрүнүн паспорттук жана банктык маалыматтарын сатышканын билдиришкен.

Кийинчерээк схеманын уюштуруучусу, 1984-жылы туулган Т.Э.Т. кармалган.

Каныбекованын айтымында, кармалган адам ар кандай криптовалюта платформаларында аккаунттарды каттап, уурдалган акчаларды санариптик активдерге алмаштырып, мыйзамдаштырган. Конспирация үчүн ал VPN-сервистерди да колдонуп, IP даректерин такай алмаштырып турган.

Тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»