АКИpress - Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу — коомдук ишмер Элдар Айтматов элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган «Евразия» сыйлыгына татыктуу болду.
«Евразия» биринчи эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи 29-октябрда Москва шаарындагы «Россия» улуттук борборунда болуп өттү. Сыйлык «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму тарабынан Россотрудничествонун өнөктөштүгүндө уюштурулган.
Элдар Айтматов маданий дипломатия менен алектенет жана «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин вице-президенти, ошондой эле Айтматов атындагы эл аралык фондду жетектейт. Ал сыйлык тууралуу АКИpress агенттигине айтып, жеңиши жана алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Менимче, бул сыйлык Айтматов эл аралык фондунун ишмердүүлүгү үчүн берилди. Биз евразиялык мейкиндикте элдерди жакындатуу жана маданий байланышты чыңдоо боюнча ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Албетте, Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалоо аркылуу достуктун көпүрөлөрүн куруп жатабыз. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган, айрыкча Евразия аймагында чоң суроо-талапка ээ. Бир катар боордош өлкөлөрдүн мектеп программаларына Айтматовдун чыгармалары киргизилген. Мисалы, Түркияда эле Айтматовдун төрт чыгармасы мектептик программага кирет», – деди Элдар Айтматов.
Анын айтымында, Евразия мейкиндигиндеги көптөгөн элдер Айтматовду билишет жана анын чыгармалары менен тааныш.
«Айтматов өзү да “мен евразиялыкмын” деп айтчу. Ал бизди жакындаткан, ынтымакта жана достукта жашоого шарт түзгөн бирдиктүү евразиялык мейкиндикти кыялданган», – деди ал.
Элдар Айтматов бул сыйлыкка көрсөтүлүшү чоң сюрприз болгонун белгиледи.
«Көп жылдык эмгек жогору бааланганда бул чын эле шыктандырат. Бул сыйлык дагы да көп иштөөгө, жалпы жыргалчылык үчүн көбүрөөк аракет кылууга дем берет. Менимче, “Евразия” сыяктуу сыйлык болушу зарыл жана ал элдерди бириктирет. Бул сыйлык бизге үмүт берип, алдыга умтулууга жол көрсөтөт
Мен муну жеке сыйлыгым деп эсептебейм — бул биздин жалпы элге таандык сыйлык. Анткени Айтматов фонду аркылуу алынган бул сыйлык бүтүндөй Кыргызстанга таандык!» – деп белгиледи ал.
Бул сынакка 27 өлкөдөн, анын ичинде Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Грузия, Италия, Испания жана башка мамлекеттерден 3700дөн ашык арыз түшкөн. Уюштуруучулар белгилегендей, Кыргызстан эң активдүү катышуучулардын бири болуп, көп сандагы арыз тапшырган өлкөлөрдүн катарына кирген.
«Евразия» эл аралык сыйлыгынын жалпы байге фонду 25 миллион рублди түзөт. Сыйлык маданият, билим берүү, ыктыярчылык, элдик дипломатия жана тарыхый чындык сыяктуу тармактарда Евразия өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарды сыйлоого багытталган. Бул кечеде «Евразия» сыйлыгынын 15 номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.