01:56, 14-март, 2026

Буту кесилген өспүрүм кыздын апасы президенттен ишти жеке көзөмөлгө алууну суранды

На русском
17:48, 13-март, 2026 693

АКИpress - Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарылангандан кийин буту ампутация болгон жашы жете элек кыздын апасы Зулфия Стамкулова 13-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдон бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранды.

Стамкулова кызынын кандайча дарыланганы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, алар ооруканага 2024-жылдын 11-октябрында түшкөн.

«Кызым мектептен кийин суук тийгизип алып, көздөрү шишип кеткен. Дарыгер Н.Б. кызыма курч гломерулонефрит, нефротикалык синдром деген диагноз коюп, дарылай баштаган. 29-октябрда дарыгер бизди үйгө стационардык дарыланууга чыгарды. 2-ноябрда кызымдын буту катуу ооруп, оң бутунун тизеден төмөнкү бөлүгү муз болуп калыптыр. Дарыгерибиз Н.Б.га чалсак, ооруканага келгиле деди.

Барганыбызда бизди нөөмөтчү дарыгер О. тосуп алып, кальций инъекциясын дайындады. Н.Б. бөлүмгө 4-ноябрда келди, кызым ага симптомдорун жана бутунун оорусу чыдагыс болуп жатканын айтты. Дарыгер болсо кальций ичүүнү улантып, күтүү керектигин билдирди. УЗИден кан айлануу өзгөчөлүксүз экенин айтышты. Кызым 2-ноябрдан бери уктай албай, тамак ичпей, а түгүл жата албай калган, бир гана отура алчу», - деди Стамкулова.

Апасынын айтымында, дарыгерлерге кызынын буту муздак экенин жана аны кармап көрүүнү суранган. Нөөмөтчү дарыгер К. кыздын бутун кармап көрүп, оору кан тамыр маселеси экенин айткан.  9-ноябрда өспүрүм эс учун жоготкон.

«Кызымды эсине келтиришти, эртеси Н.Б. келип, чогуу УЗИге бардык. Ал жерден тромб бар экени аныкталды. Бизди кан тамыр хирургиясына алып барышты. Дарыгерлердин консилиуму болуп, кан тамыр хирургиясынын бөлүм башчысы текшерип, эмне үчүн мындай патология менен биз кан тамыр хирургиясына эмес, нефрологияга барганыбызды сурады.

Консилиумдан кийин кызга 2 дары жазып берип, кайра нефрологияга алып кетишти. 11-ноябрдан 21-ноябрга чейин ошол эки дарыны беришти, бирок оору басылган жок. Кызымдын абалы начарлап, арыктап кетти. Андан кийин кайрадан профессорлорду чогултушту. Алар күткүлө деди. Ал эми профессорлордун бири 5 күнгө башка дары жазып берерин айтты», - деди энеси.

Стамкулованын айтымында, 24-ноябрда кан тамыр хирургу келген. Манжалары көгөрүп кеткендиктен, дарыгерлер шашылыш түрдө бутун жамбашка чейин ампутация кылуу керектигин айтышкан, бирок туугандары баш тартышкан.

25-ноябрда апасы менен кызы Түркияга учуп кетишкен. Жолдо кыздын талмасы кармаган.

«Түркиядагы клиникалардын биринде оң буттун артериясынын тромбозу деген диагноз коюп, анализдерди алып, тез арада тромбдорду тазалоо боюнча операция жасоо керектигин айтышты. Кыргызстандагы дарыгерлер COVID деп диагноз кылышкан, бирок Түркияда анализдин жыйынтыгы менен COVID жок экени тастыкталды. Тромбдордун баарын тазалашты, кызым 4 күн реанимацияда жатты. Андан кийин жок дегенде согончогун сактап кала алабызбы деп күтүп, байкоо жүргүзүштү, себеби манжаларды сактап калуу мүмкүн эмес эле», - деди Стамкулова.

Ал бир нече күндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, жеке клиникада дарыланышканын, бирок кайра Түркияга учуп кетишкенин, ал жактагы башка клиникада 2024-жылдын декабрь айында кыздын бутун тизеден төмөн ампутация кылышканын билдирди.

«Кызым 10 оор операцияны башынан өткөрдү — 2 жолу тромбду алуу жана 8 жолу тизени сактап калуу операциясы. Президент Садыр Жапаровдон жана укук коргоо органдарынан биздин ишти көзөмөлгө алууну жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бардык медициналык кызматкерлеринин иш-аракетине баа берүүнү суранам», - деп жыйынтыктады жабырлануучунун апасы.

Ал 5 дарыгердин үстүнөн арыз жазганын билдирди.

Үй-бүлөнүн адвокаты Бексултан Осмонов Саламаттыкты сактоо министрлигинин соттук-медициналык эксперттик комиссиясынын корутундусунда, эгерде дарыгерлер өз убагында туура аракеттенишсе, мындай жыйынтыктан качууга мүмкүн болмоктугу көрсөтүлгөнүн белгиледи. Ошондуктан кыздын үй-бүлөсү жана адвокаты дарыгер Н.Б.ны жоопко тартууну жана бардык тиешеси бар тараптарга юридикалык баа берүүнү суранышууда.

«Иштин материалдарында эки экспертиза бар: биринчиси соттук-медициналык экспертиза, анда толук маалымат жок. Экинчи жолу 12 эксперт комплекстүү экспертиза беришти. Учурда иш сотко өттү, 18-мартта алгачкы отурум болот. Айыптоо актысында компенсация көрсөтүлгөн эмес, бирок дарыланууга көп каражат кетти, ошондуктан мыйзам чегинде моралдык жана материалдык компенсация талап кылабыз. Бирок биз бул териштирүүнү каржылык пайда көрүү үчүн жүргүзүп жаткан жокпуз. Биздин максат бардык дарыгерлерди каралоо эмес, күнөөлүүлөр жоопко тартылсын дейбиз», - деди адвокат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»