АКИpress - «Евразия» паркы — бул балалык аймагы, кыялдар ишке аша турган жер.
Мындай таасири менен 28-августта акысыз «Евразия» оюн-зоок паркынын ачылышынан кийин Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары, «Евразиян» автономдук коммерциялык эмес уюмунун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Борис Чернышов бөлүштү.
Парк эшигин ачып, Орок айылына жайгашты. Аянты 10 гектарды түзүп, анын ичинде 30дан ашуун аттракцион, аква-зона, мини-футбол аянтчасы, воркаут-зона, цирк, динопарк, балдар аянтчалары жана лабиринт, концерттер менен чыгармачыл иш-чаралар үчүн сахна, көргөзмө павильондору, заманбап тамак-аш зоналары, жармаңкелер жана боз үй формасындагы көргөзмө комплекси орун алды.
Чернышов белгилегендей, ар бир адам үчүн жеткиликтүү болгон бул акысыз парк Россия менен «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата Кыргызстанга тартуу кылган белеги болуп саналат жана ал эки өлкөнүн достугунун, ЕАЭБ алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктүн символуна айланат.
«Эң негизгиси – мунун баары жеке инвесторлордун каражатына курулду. Эл өзү ушундай долбоорлорго каражат салып жатат. Бул болсо биздин биригүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин, демек, биз жакынбыз жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенибизди билдирет», – деди ал.
Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары парктын жыл бою иштей турганын жана ар бир бала үчүн толугу менен акысыз болорун билдирди.
«Ар бир адам “Евразия” паркына акысыз кире алат, айрыкча 15 жашка чейинки балдар келип, сүйүнүп, ата-энесин, чоң ата жана чоң энесин кубантып кетсе болот. Мунун баары эч кандай чектөөсүз болот», – деди ал.
Буга чейин «Евразия» паркы департаментинин директору Каныбек Жуманбаев курулуштун жүрүшү жана парктын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берген.
«Бул парк 10 гектар жерди ээлейт. Анын ичинде 30дан ашык аттракцион, аква-зона, кичи футбол аянтчасы, воркаут зонасы, цирк, дино-парк, балдар аянтчалары, лабиринт жана концерттер үчүн ылайыкталган сахна, боз үй формасындагы көргөзмө комплекси болот. Парк жыл бою — жайында да, кышында да иштейт. Маселен, кышында кичи футбол аянтчасы муз аянт катары колдонулат.
Учурда «Евразия» деген мобилдик колдонмо иштелип жатат. Анда аттракциондордун иш убактысы, фестивалдар жана башка иш-чаралар тууралуу маалымат алууга болот. Бул колдонмо жана расмий сайт аркылуу узун кезектерди болтурбоо максатында онлайн каттоо уюштурулат.
Мисалы, сиз келе турган убактыңызды тандап, колдонмо аркылуу QR-код менен парктын аймагына кире аласыз. Аттракциондорго да электрондук кезекке туруу мүмкүнчүлүгү болот. Парктагы бардык көңүл ачуулар акысыз», — деди Жуманбаев.
Аттракциондордогу эң башкы нерселердин бири — коопсуздук. Парктын аттракциондору Европа өлкөлөрүндөгү заводдордон алынып келинген. Алар дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана заводдон берилген атайын сертификаттары бар.
Парк 300 адамды жумуш менен камсыз кылат. Келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 45 күзөтчү иштейт. Бардык аймактарга видеокамералар орнотулат. Ага кошумча милиция кызматкерлери жана медициналык пункт иштейт.
Ар бир аттракциондун өзүнүн операторлору жана администраторлору болот. Алар тиешелүү бардык окуу курсунан өтүшөт. Парктын ишиндеги маселелерди ыкчам чечүү үчүн администрациянын 2 имараты курулат.
Аттракциондор балдар жана чоңдор үчүн ылайыкталган. «Евразия» паркында Борбор Азиядагы эң чоң «Русские горки» аттракциону курулат. Анын узундугу — 720 метр, бийиктиги — 34 метр. Бул аттракционго Ысык-Көлгө Боом капчыгайы аркылуу соккон шамалга байланыштуу «Улан» деген аталыш берилген.
Келүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2600 чарчы метр көлөкө зонасы уюштурулат. Ал жерлерде майда суулар чачырап турат. Парктын аймагына 2000ден ашык дарак отургузулат, 60 миң чарчы метр газон төшөлөт, 30 топиардык фигура, 650 чырак жана 6 чакырым ретрогирлянда орнотулат.
Аттракциондордогу башкы нерселердин бири — коопсуздук болот. Парктын аттракциондору Европа мамлекеттериндеги заводдордун алынып келинди. Алар дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана заводдон атайын сертификаттары бар.
Парк 300 адамды иш менен камсыз кылат. Келгендердин коопсуздугу үчүн 45 күзөтчү иштейт. Бардык аймакка видеокамералар коюлат. Ага катар эле милиция жана медпункт иштейт.
Ар бир аттракциондун өзүнүн операторлору жана администраторлору болот. Алар тиешелүү бардык окутуулардан өтүшөт. Парктын ишиндеги маселелерди убагында чечүү үчүн администрациянын 2 имараты курулат.