21:51, 13-март, 2026

Куванычбек Конгантиев 10-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди

На русском
13:24, 13-март, 2026 486

АКИpress - Ленин райондук соту 12-мартта УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырды.

13-мартта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев 10-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

10-мартта Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган, ал эми 11-мартта жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»