03:24, 14-март, 2026

Мурдагы депутат, анын туугандары, банкир жана казино ээси: Кыргызстандагы цемент заводдорунун ээлери

На русском
11:28, 2-май, 2025 1169

АКИpress - 19-мартта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда курулуш сектору тез темп менен өсүп жатканын белгилеп, цемент рыногуна көңүл буруу талап кылынарын билдирди.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада цемент өндүрүүнүн көлөмү 3 млн 99 миң тоннаны түздү. Эгерде 2020-жылдан берки убакытты ала турган болсо, анда 5 жылдын ичинде өндүрүштүн көлөмү 1 млн 226,9 миң тоннага өскөн.

Өндүрүштүн эң жогорку көлөмү 2021-жылы катталган. Акыркы эки жыл туруктуу өсүштү көрсөтүүдө, бирок жайыраак темп менен.

Ушул жылдын январь айындагы цемент импорту боюнча маалымат сатып алуунун көлөмү 3,3 эсеге көбөйгөндүгүн көрсөттү. 2025-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча 38 миң тонна цемент импорттолгон, анын ичинде:

  • Казакстандан — 24,7 миң тонна;
  • Өзбекстандан — 13,1 миң тонна;
  • Ирандан — 189 тонна.

Башка өлкөлөрдөн цемент жеткирүү менен катар ишканалар ички өндүрүштү да көбөйтө башташты. Быйылкы жылдын январь айына карата өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу цемент өндүрүүнүн көлөмү 20,4%га көбөйгөнү байкалууда.

«Tazabek» басылмасы даярдаган материалда Кыргызстандагы цемент өндүрүүчүлөр жана алардын мамлекеттик бюджетке төккөн суммалары тууралуу маалымат берилет. Былтыр цемент өндүрүүчү ишканалар бюджетке 3 млрд сомдон ашык каражат төлөшкөн.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»