15:40, 13-март, 2026

Гүлбара Ишенапысова саламаттыкты сактоо министринин орун басары болду

На русском
10:09, 13-март, 2026 638

АКИpress - Гүлбара Ишенапысова саламаттыкты сактоо министринин орун басары — башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүн, 13-мартта Ишенапысова эмгек жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин Ишенапысова Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору кызматын аркалаган.

Ал УКМК тарабынан кармалган Рыспек Сыдыгалиевдин ордуна дайындалды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»