10:00, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
19:45, бештин айы 07 2019 (26 адам окуп жатат)
Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты
22:03, бештин айы 07 2019 (4 адам окуп жатат)
Баткендеги жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Сүрөт

Жээнбеков менен Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечегин талкуулашты

На русском
15:34, 16 жетинин айы 2019 74

Баракелде -  Бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты. Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелеринин оң динамикасы өзгөчө белгиленди.

Буга чейин Шавкат Мирзиёевден Сооронбай Жээнбековдун дарегине туулган күнү менен куттуктоо телеграммасы келип түшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком