18:58, 13-март, 2026

Бейтаптарга стенттер акысыз орнотулат, - Саламаттыкты сактоо министрлиги

На русском
13:41, 13-март, 2026 600

АКИpress - Кыргызстанда кардиологиялык жардамдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип жатканын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда кардиология олуттуу ийгиликтерге жетишкен.

«Жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбү, анын ичинде инфаркттар актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Аларды өз убагында дарылоо үчүн өлкөдө ангиографиялык текшерүү колдонулат», - деди Мамадалиев.

Ал белгилегендей, курч миокард инфаркттарында ооруканага жаткырылган бейтаптарга стенттерди орнотуу мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»