03:48, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жөө күлүктөр Белоруссиядагы турнирде 4 медаль утушту

На русском
17:35, 19 теке 2019 86
Дарья Маслова
Дарья Маслова

Баракелде -  Кыргызстандык спортчулар Белоруссиядагы жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде 4 медаль утушту. Кечээ, 18-июлда Брест шаарында башталган ачык кубок 21-июлга чейин созулат.

Кыргызстандык жөө күлүктөрдү башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев жетектеп кеткен. Кыргызстандын курамасы 4 медалга — 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болду.

Белоруссиядагы турнирде 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Кыргызстандык спортчулар жолдомо алган жок.

Жыйынтык:

5000 метр

Дарья Маслова — 15 мүнөт 15,59 секунд, алтын медаль

5000 метр

Нурсултан Кеңешбеков — 14 мүнөт 23,5 секунд, коло медаль

1500 метр

Мусулман Жоломанов — 3 мүнөт 49,53 секунд, күмүш медаль

Самат Казакбаев — 3 мүнөт 53,66 секунд

Данияр Арыпбеков — финишке жеткен жок

3000 метр

Нурсултан Кеңешбеков — 8 мүнөт 16,21 секунд, күмүш медаль

800 метр

Мусулман Жоломанов — 1 мүнөт 51,17 секунд

Данияр Арыпбеков — 1 мүнөт 55,22 секунд

Самат Казакбаев — 1 мүнөт 55,52 секунд

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком