00:28, 14-март, 2026

Кыргызстанга 2000 тоннадан ашык күйүүчү жана майлоочу материалдар мыйзамсыз кирген

На русском
12:36, 4-июнь, 2019 425

АКИpress - Өлкөнүн аймагына күйүүчү жана майлоочу материалдар мыйзамсыз киргизилип келген. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштери 31-майда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагына Казакстандан темир жол аркылуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды салык төлөбөй эле чийки газ конденсатынын компоненттери катары алып келип жаткан каналдар аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө «Кант» темир жол станциясынан эки цистерна, жалпы көлөмү 120 тонна болгон күйүүчү жана майлоочу материалдар табылды.

Бул кылмыш схемасын түзгөндөр Кыргызстандын аймагына 2000 тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу материалдарды мыйзамсыз киргизген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»