03:52, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президенттик ант: Владимир Зеленский чогулган элдин арасындагы досун чекесинен өптү (видео)

На русском
14:27, 20 бугу айы 2019 7449

Баракелде -  Бүгүн, 20-майда Украинанын Конституциялык соту Владимир Зеленский президенттик кызматына киришкенин жарыялады. Жаңы президент ант берип, инаугурацияга 50дөн ашык чет элдик делегация катышканын gazeta.ua жазды.

Ант берүү аземине барган Американын делегациясынын курамында энергетика министри баштаган чиновниктер бар. Ошондой эле иш-чарага Германиянын экс-президенти, Польшанын тышкы иштер министри, Канаданын коргоо министри, Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери, Түркиянын вице-президенти, Молдованын премьер-министри, Белоруссия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьерлери, Чехиянын Сенатынын төрагасы, Азербайжандын парламентинин башчысы, Казакстандын Парламент сенатынын төрайымынын орун басары жана башкалар күбө болду.

Мындан тышкары инаугурацияга Украинанын бардык президенттери — Леонид Кравчук, Леонид Кучма, Виктор Ющенко, Петр Порошенко чакырылды. Ал эми мурунку президент макамынан ажыраган Виктор Янукович салтанатка чакырылган эмес.

Владимир Зеленскийди Жогорку Раданын алдына чогулган эл абдан жакшы тосуп алышты. Жаңы президент айрымдар менен кол алышып учурашып, сүрөткө түшүүгө жетишти. Ошондой эле аны эл менен чогуу күтүп жаткан досу Евгений Кошевойду чекесинен өптү.

Жаңы президент тууралуу кызыктуу фактылар:

- бою 166 сантиметр;

- 2008-жылы «Viva!» журналы Владимир Зеленскийди Украинадагы эң келишимдүү мырза деп тапкан;

- саясатта тажрыйбага ээ эмес;

- окуучу кезинде грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыккан;

- учурда болгону 41 жашта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком