21:36, 24-апрель, 2026

Чүйдө эркек киши уулдары менен бирге токмоктолуп, шектүүлөр кармалды

На русском
17:14, 24-апрель, 2026 610

АКИpress - Бейбаштыкка шектелгендер кармалды, деп маалымдады Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Кылмыш 27-мартта Аламүдүн районунун Васильевка айылында болгон. 39 жаштагы кишинин айтымында, ал 21 жана 18 жаштагы уулдары менен бирге токмоктолуп, унаасынын терезелери таш менен талкаланган. Келтирилген зыяндын суммасы 154 миң 600 сомду түзгөн.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 1996-жылы туулган Д.Б., 1985-жылы туулган Р.Э. жана 1988-жылы туулган Р.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»